Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Украин бийлиги Славянск шаарынын тургундарын шашылыш эвакуацияланууга чакырды


Славянск шаарындагы базарга урулган соккудан кийин. Украина, 5-июль 2022-жыл
Славянск шаарындагы базарга урулган соккудан кийин. Украина, 5-июль 2022-жыл

Украинада Донецк облусунун Славянск шаарынын тургундарына шашылыш эвакуациялануу көрсөтмөсү берилди. Британ чалгынчыларынын 6-июлдагы отчетуна караганда, ал шаар Донбасстагы салгылашуулардын кезектеги чордонуна айланышы ыктымал.

Украин расмий өкүлдөрү шейшембиде Славянск бир нече күндөн бери орус армиясынын катуу аткылоосуна туш болуп келатканын, кеминде эки киши набыт болгонун, жети киши жараат алганын билдирген.

Киевди алуу максатына жетпей калган Орусия кошуна өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө согуштук аракеттерин күчөткөн. Бир нече күн мурун Донбасстагы Луганск облусу дээрлик толугу менен Москванын көзөмөлүнө өткөн.

Украин президенти Владимир Зеленский 5-июлдун кечиндеги кайрылуусунда армияны ракеталарга каршы алдынкы системалар менен камсыздоо аракетин улантып жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Орусиянын “жок жерден ачкан согушун” айыптап, карапайым элдин азап чегүүсүнө чекит коюуга чакырды. Уюмдун маалыматына ылайык, 3-июлга карай украин жергесинде он миңден көп жайкын тургун набыт болгону же жараат алганы катталды. Бачелет реалдуу сан мындан ашарын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG