Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Кара-Кече кенинде жер көчтү


Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.

2-июлда Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде жер көчкөнү маалым болду. Бул тууралуу маалыматты "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы ырастады.

"Кара-Кечеде көчкү жүрүп, болжол менен 30-40 миң куб/метр топурак көчтү. Техниканы топурак басып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде иштегендер жабыркаган жок".

Ишкана учурда жумуш штаттык режимде уланып, көмүр казылып жатканын билдирди. Жер көчкөн аймакта казуу иштери жүргөн эмес.

2020-жылы Кара-Кечеде тоо урап, жолду бөгөп салган. Ал эми былтыр жер көчүп, бир экскаваторду басып калган.

Кара-Кече кенинен жылына болжол менен 1 млн. тоннадан ашык көмүр казылат. Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктиктеги кен 1913-жылы ачылган.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 40ка чукул.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG