Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Орусия Змеиный аралына сокку урганын билдирди


Украин аскерлери Змеиный аралында. Одесса облусу. 7-июлда тараган видео
Украин аскерлери Змеиный аралында. Одесса облусу. 7-июлда тараган видео

Орус армиясы түн ичинде Украинанын Змеиный аралына чабуул койгонун маалымдады. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков ал жерге желек илүүгө аракеттенген украин аскерлеринин бир бөлүгү “жок кылынганын” билдирди.

Одесса облусунун администрация башчысы Сергей Братчук сокку тууралуу маалыматты тастыктап, бирок кандай чыгымга алып келгенин айткан жок.

Кара деңиздин түндүк-батыш тарабындагы Змеиныйды орус аскерлери согуш башталган 24-февралда басып алып, 30-июнда украин артиллериясынын катуу бомбалоосунан кийин ал жактан чегинүүгө аргасыз болгон. Одесса портуна жакын болгондуктан аралча стратегиялык мааниге ээ.

7-июлда украиналык үч жоокердин аралга мамлекеттик желекти илип жатканы тартылган видео расмий Телеграм каналдарга тараган. Тасма качан тартылганы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG