Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Коронавирус менен күрөшүү боюнча штаб жыйынга чогулду


Эдил Байсалов жыйынды онлайн өткөрдү. 7-июль, 2022-жыл.
Эдил Байсалов жыйынды онлайн өткөрдү. 7-июль, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда эпидемиологиялык абал жана эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды.

Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда өлкөдө чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин, медициналык мекемелер ар кандай учурга даярдыгын маалымдады.

Байсалов COVID-19га каршы эмдөөнү активдештирүүнү тапшырды. Кыргызстанга 2020-жылдын март айында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча статистика кайрадан бериле баштай турганын билдирген. Кыргызстанда коронавирус аныкталгандар соңку эки аптадан бери кайра каттала баштады. 27-июндан 3-июлга чейин вирус жуктурган 48 адам катталган. Алардын 43ү Бишкекте.

COVID-19 эпидемиясы өлкөдө 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын май айында дээрлик катталбай калган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарына туура келет.

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Казакстанда оору кайрадан күчөп, эки өлкө тең вируска каршы чараларды жандантты. (TSh)

XS
SM
MD
LG