Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

“Манас” аэропортунун жетекчиси алмашты


Манас Самидинов.
Манас Самидинов.

Бүгүн, 7-июлда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда мекеменин башкы директору Бакыт Шаршеевди кызматтан алуу жана анын ордуна Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы жетекчи Манас Самидинов жөнүндө интернетте дээрлик маалымат жок. Ачык булактарда ал "Компания Манас Менеджмент" ишканасынын директору экени жазылган.

2020-жылдагы Октябрдагы окуялардан кийин Бактыбек Сыдыков депутаттык мандатын тапшырып, “Манас” аэропортуна директор болуп дайындалган. 2021-жылы 9-февралда бул кызматка Бакыт Шаршеев барган.

Ишкананын жетекчисинин алмашуусу кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун сырткы башкарууга берүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди. Эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан.

Коомчулуктагы талкуудан кийин Акылбек Жапаров "Манас" жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG