Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Аба майдандарга ачык сынак арсар абалда


"Манас" эл аралык аба майданы.
"Манас" эл аралык аба майданы.

"Манас" жана "Ош" аэропортторун иштетүүнү ачык сынаксыз, түз келишим менен түркиялык курулуш компаниясына тең шерикке берүү тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Айрым талдоочулар аэропортторду эл аралык аба каттамдарын көбөйтүп, авиа хабга айлантуу мүмкүнчүлүгү чектелери айтылууда.

Буга чейинки келишимге ылайык Дүйнөлүк банк Эл аралык финансы корпорациясынын кеңеши менен бул эки аэропортту ишенимдүү башкарууга берүү боюнча ачык сынак өткөрүү туңгуюкка кептелди.

Ал арада Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөшүү уланып жатканын билдирди.

"Бир жылдык иштин жыйынтыгы жокко чыгабы?"

Кыргыз өкмөтүнүн өлкөнүн эң башкы аба дарбазасы болгон "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT Construction Holding курулуш компаниясына ачык сынаксыз жана тендерсиз түз келишим менен 39 жылга башкарууга берүү ниети коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Анткени Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык финансы корпорациясынын ачык сынагы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени айтылууда.

Былтыр кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Манас" аэропортун эл аралык операторго берүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгып, эл аралык тендер жарыялоо боюнча келишимге кол коюлган.

Эл аралык аба дарбазаларын иштетүү тажрыйбасына ээ болгон Мүнхен аэропорту, Инчхон Сеул аэропорту, TAB Түркия сыяктуу ири компаниялар бул сынакка катышуу ниетин билдирип, Дүйнөлүк банктын чакыруусуна дароо жооп кайтарышкан. Ал тургай өткөн 14-июнда Бишкек шаарында инвесторлордун биринчи жыйыны өтүп, ага жогоруда аталган компаниялардын өкүлдөрү келген.

Туристтик бизнес сектордун өкүлү Жодар Сайдилкан эң башкы аба дарбазаларын курулушчу компанияга эмес, кесипкөй эл аралык операторлорго ачык сынак аркылуу берүү эмнеге маанилүү экенине токтолду.

Жодар Сайдилкан, туризм секторундагы ишкер чөйрөнүн өкүлү.
Жодар Сайдилкан, туризм секторундагы ишкер чөйрөнүн өкүлү.

"Биздин өкмөт Дүйнөлүк банк менен келишимге кол коюп, ал кеңешчилерди жалдап бир жылдан бери иштеп келген. Алар техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, эки баскычтуу сынак өткөрүүнү уюштуруп жаткан.

Ошентип, ал быйыл жыл соңуна чейин жыйынтыктайын деп жатса, биздин өкмөттүн аркадан чыга калган кадамы түшүнүксүз болуп калды. Бизге турист-жүргүнчүлөрдүн санын, аба каттамдарын көбөйтө ала турган эл аралык оператор керек. Ошондой эле биз үчүн Европа жана Азия өлкөлөрү менен түз аба байланыштарын камсыздоо маанилүү. Ошондуктан жанагындай туурадан чыга калган курулуш компаниясы эмес, эл аралык аба каттамдарын уюштурууга жөндөмдүү ири компаниялар сынакка катышып, утуп чыкса жакшы болмок. Азыр биздин дүйнө менен байланышыбыз Стамбул аркылуу гана. Анан биздин башка шаарлар менен дагы түз аба каттамдарын ачуу кыялыбыз, мына ошондой түзүлгөн мүмкүнчүлүк ишке ашпай калганы турат".

Буга чейин парламентте Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун башкарууну 50/50 пайыз үлүштүк пайда менен түркиялык YDA INŞAAT компаниясына 39 жылга берүү боюнча меморандумга кол коюларын билдирген.

Акаев: ири оюнчулар четте калабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев терс корутундуларга карабай, өкмөт бул компания менен жең ичинен сүйлөшүп, түз келишимге барууга кызыкдар болуп жатканын сынга алды:

Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын лидери.
Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын лидери.

"Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар ачык сынакка катышууга аракет кылып жатканда эч бир сынагы жок эле аты анчейин белгисиз бир түркиялык компанияга эки аэропортубузду бергени жатабыз. Буга өкмөт аралык комиссия терс корутунду берген. Ал эми Тышкы иштер министрлиги "өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келет" деген тыянак чыгарган. Бирок биздин Министрлер кабинетибиз түрктөрдүн YDA INŞAAT компаниясына аэропортторубузду карматып жибергени калды. Алар 557 млн. доллар банктан алынган насыянын эсебинен инвестиция салат экен. Бирок кайра эле аэрпорттон алынган пайданын эсебинен 207 млн. долларды биз үстөк пайыз үчүн эле түрк банкына төлөйт экенбиз. Муну кандай түшүнсөк болот?".

Жапаров: Башкалары биздин шартка көнгүдөй эмес

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңеши менен эки аэропортту ачык сынак аркылуу ишенимдүү башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок ага катышуу ниети бар башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөгөндүктөн түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен түз келишим түзүү сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын жарыялаган.

Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров өткөн жумада саясий чечим кабыл алынганын айтып, документти юристтер карап жатканын белгилеген.

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.

"Сынакка катышууга бир топ эл аралык компанияларды чакырдык. Бирок алардын биздин шарттарга көнө турган түрү жок. Ошондуктан биз бүгүн Түркиянын YDA INŞAAT деген компаниясы менен түз келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул компания эки жыл ичинде 450 млн. доллардан 501 млн. долларга чейин инвестиция салуу кепилдигин берип жатат. Буга биздин эки аэропорттун учуп-конуу тилкелерин, жаңы аэровокзалын жана жүк ташуу терминалдарын курууну убада кылууда. Эгерде 24 айдын ичинде бул шарттарды аткарбаса, салынган инвестициянын баары кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөрүлөт. Бирок алар мына ошол мөөнөттө бүтүрөбүз деп жатат. Буюрса бир-эки жумадан кийин меморандумга кол коюлат".

Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров 4-июлда ачык сынак өткөрүүдөн баш тарткан баштапкы позициясын бир аз жумшартып, тараптар менен сүйлөшүү уланып жатканын айтты. Бирок Акылбек Жапаров көп жылдан бери эл аралык уюмдар аркылуу ачык сынак жарыялап, инвестор тартуу демилгеси ийгиликтүү ишке ашпай келгенин билдирди:

"Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Мына ошолор бүткөндөн кийин эмне болгонун, кандай болгонун айтып берейин. Жалпысынан айтсам, ар кандай эл аралык финансылык институттар аркылуу бизге "инвесторлорду тартып келебиз" деген аракеттер болуп, бирок эч тарта албай койдук да. Ошондуктан бул жолу биздин өкмөт натыйжалуу жана чечкиндүү кадамдарга барганга даяр".

Президентке жолдонгон кайрылуу

Туристтик бизнес өкүлдөрүнүн президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуусунда өлкөнүн эң башкы аба дарбазаларын ачык сынакта кесипкөй башкарууга берүү аба каттамдарын көбөйтүп, аларды Европа менен Азияны бириктирчү авиахабга айлантуу мүмкүнчүлүгү турганы белгиленди.

Эл аралык финансы корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлү Эркин Асрандиев ачык сынак өткөрүү үзгүлтүккө учурап жаткан жагдай жана анын кесепеттери тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.


Ал эми аталган ишкер чөйрөнүн кайрылуусунда Казакстандын Даламан, Актау жана Түркстан аймактык деңгээлдеги үч аэропортун иштеткен түркиялык YDA INŞAAT компаниясынын эл аралык аба майдандарын заманбап башкаруу жөндөмү төмөн экени көрсөтүлгөн.

Ошондуктан анда "Манас" эл аралык аэропортун ага ишенимдүү башкарууга берүү жүргүнчүлөрдүн агымын кеңейтип, аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзбөй турганы белгиленди.

Ал эми Мүнхен жана Инчхон эл аралык операторлору жеңип чыкса, Германиянын Lufthansa, ал эми Түштүк Кореянын Кореан Эйр авиа компаниялары Бишкекти авиахаб катары колдонору мисалга алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG