Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Финляндия Орусия менен чек арасына тосмолорду тургузат


Финляндия-Орусия чек арасы. Архивдик сүрөт

Финляндия Орусия менен чек арасын бекемдөөгө киришет. Андай уруксатты өлкө парламенти 7-июлда жактырды. Эми кошуна өлкө менен 1 миң 300 чакырымдык чек арада тосмолорду тургузуп бекитүүгө жол ачылды.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Хельсинки ондогон жылдарга созулган бейтараптуулук макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу чечимин кабыл алган.

Жаңы жобого ылайык, ошондой эле аэропорт же башка чек ара пункттарында башкалка сурагандардын кагаздарын кароо чектелмекчи.

Финляндия менен Швециянын аскердик блокко кошулуу арыздары өткөн айда расмий жактырылып, эми калган мүчө-мамлекеттер протоколдорду ратификациялоого тийиш.

Эки өлкөнүн тең элинин арасында Орусия согуш ачкандан бери НАТОго кирүүнү жактагандар кескин көбөйгөн.

Москва Хельсинки менен Стокгольмдун кадамын айыптап, ага жооп кайтарарын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG