Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

13 жаштагы кыз жана жакындары милициянын кайтаруусунда болот


Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.
Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоонун курмандыгы болгон 13 жаштагы кызды жана анын жакындарын милиция кызматкерери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алуу чечимин чыгарды. Жабырлануучу тарап жактоочулары алардын коопсуздугуна байланышуу сотко өтүнүч киргизгенин билдирди.

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүп, жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Жабырлануучулардын жактоочулары алмашкандыктан, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураган.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жаткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG