Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:05

G20: Башкы дипломаттар бир пикирге келе алышкан жок


G20 ТИМ башчыларынын саммити. Индонезия.
G20 ТИМ башчыларынын саммити. Индонезия.

Дүйнөнүн өнүккөн жыйырма уюму мүчө болгон G20 (“Чоң жыйырма”) уюмунун башкы дипломаттары 8-июлда Индонезияда өткөн саммитинде Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш, анын дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизип жаткан таасири боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров саммиттин алкагындагы эки жыйындан чыгып кетти. Ал жыйындарда Украинадагы согушту кескин айыптаган, Украинага буудайын тышка алып сатууга мүмкүнчүлүк берүүгө үндөгөн чакырыктар айтылган.

Бул саммитте быйыл жыл соңуна пландалып жаткан президенттердин жыйынына даярдык талкууланмак. Күн тартибине согуш жана анын айынын дүйнөлүк базарда азык-түлүк менен энергия заттарынын тез арада жогорулап кеткен баасы боюнча маселелер болду.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок, андан кийин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сүйлөрдө чыгып кеткен Лавров "Агрессорлор, баскынчылар — биз бүгүн көп сөз уктук" деп журналисттерге билдирди.

"Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин үлүшүнө дүйнөлүк экономикалык өндүрүштүн 80% жана дүйнө калкынын үчтөн экиси туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG