Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстанда СOVID-19ду жугузуп алгандар көбөйө баштады


Дарыгер бейтаптын сатурациясын өлчөп жаткан учуру. Кыргызстан, Бишкек. 2022-жыл.
Дарыгер бейтаптын сатурациясын өлчөп жаткан учуру. Кыргызстан, Бишкек. 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, 11-июлда коронавирус жугузуп алган 14 адам катталды, бардыгы Бишкек шаарында. Маалыматка ылайык, оору жугузуп алгандардын бири Бириккен Араб Эмиратынан келген.

Илдетти жуктургандардын экөө гана эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Ушул тапта 13 адам амбулатордук дарыланууда, бири ооруканага жаткырылды.

11-июлга карата бардык аймактар жашыл зонада.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 201 215 адамга жетти.

Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG