Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Навальный коррупцияга каршы жаңы фонд түзүлгөнүн жарыялады


Навальныйдын сүрөтүн өчүрүү аракети. Москва.
Навальныйдын сүрөтүн өчүрүү аракети. Москва.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын командасы коррупцияга каршы күрөшүүчү жаңы эл аралык фонд (Anti-Corruption Foundation International) түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу команданын мүчөлөрү 11-июлда соцтармактарга жазышты.

Ага ылайык жаңы фонд Орусиянын "путиндик" бийликтин коррупциясына каршы күрөшөт. Фонддун ишине алгачкы төлөм Алексей Навальныйдын Сахаров сыйлыгынан 50 миң евро бөлүнмөкчү.

Фонддун байкоочу кеңешине Белгиянын мурдагы өкмөт башчысы, Европарламенттин депутаты Ги Верхофстадт, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты, журналист Эн Аппельбаум, философ жана саясат таануучу Френсис Фукуяма жана Навальныйдын жубайы Юлия Навальная кирген. Уюмду Навлаьныйдын шакирттери - Леонид Волков, Владимир Ашурков, Мария Певчих жана башкалар жетектейт.

Фонддун сайтында команданын иликтөөлөрү, анын ичинде "Тизме 6000" деп аталган макала жарыяланган. Анда уюмдун мүчөлөрү "коррупционер жана согушту тутанткычтар" деп санаган орусиялык аткаминерлердин, журналисттердин жана маданий ишмерлердин аттары жазылган.

Алексей Навальный 2011-жылы Коррупцияга каршы фонд түзүп, Орусиянын жогорку бийлигиндеги коррупциялык схемаларды иликтеген. 2019-жылы орус бийлиги фондду "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген. 2021-жылы фонд экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүк кылуусуна тыюу салынган.

2022-жылы мартта Москванын соту Алексей Навальныйды "алдамчылыкка" айыптап, тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG