Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Чүйдө "Йакын инкар" диний уюмунун үч мүчөсү кармалды


Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.

Чүй аймагынан "Йакын инкар" диний уюмунун мүчөлөрү деп шектелип 29 жана 35 жаштардагы үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматында, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесине (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) шектелип жатышат. Учурда №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Алардын үйүн тинтүү учурунда "Йакын инкар" диний уюмунун материалдары табылган. Милиция шектүүлөр тыюу салынган уюмдун идеологиясын жайылтышканын билдирди.

Май айында милиция Чүй облусунунан бул уюмдун бир нече лидерлери жана мүчөлөрү кармалганын жарыялаган.

Кыргызстанда күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалганы боюнча кабарларды байма-бай жарыялашат. Бирок учурда жалпы канча киши бул кыймылдын мүчөсү экени жөнүндө маалымат жок.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун сайтындагы маалыматка таянсак, “Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Алар чачын бир аз өстүрүп, узун көйнөк кийип жүрөт. Заманбап жашоодон баш тартып, турмушун динге гана байлоого чакырышат. Диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG