Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Чехия менен Германия газ көз карандылыгын бирге жеңүүнү келишти


Газ куурлары. Иллюстрациялык сүрөт.
Газ куурлары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын энерго ресурстарына болгон көз карандылыктан чыгуу үчүн Чехия менен Германия энергетика тармагында кызматташуу тууралуу келишим түзүштү. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек менен Чехиянын өндүрүш жана соода министри Йозеф Сикела чогуу жасаган билдирүүсүндө коңшу эки мамлекет Орусиядан жаратылыш газынын кыскаруусунан улам жаралган кризисти биргелешип жеңерин айтышты.

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынан кийин Москванын Европага газ алып өткөн “Түндүк агым – 2” долбоорун ишке берүү токтотулган. Анын курулушу толук бүтүп калган эле. “Түндүк агым – 1” газ кууру иштеп жаткан, бирок июнда “Газпром” алгач анын бир-эки турбинасын токтотуп, газ жөнөтүүнү 40% азайткан. 11-июлда болсо “Газпром” “Түндүк агым – 1” газ куурунан газ жөнөтүүнү оңдоо иштерине байланыштуу 10 күнгө токтотту.

Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газды берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Бул Европада кризис жаратышы мүмкүн.

Германиянын бийлиги өз жарандарын энергиянын баасынын кескин кымбаттоосуна жана оор кышка даяр болууга чакырды. Евробиримдиктин башка өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен Франция дагы Орусиядан жаратылыш газын ташып келүүнү толук токтотуу үчүн альтернатива издеп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG