Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

ИИМ "Ихсандан" жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды


Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Ихсан" турак жай кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандарды Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү №469 дарегине кайрылып же 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 телефондоруна, 102 кызматына байланышууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда жарандарга ар кандай уюмдарга акча салбоого да чакырык ташталган.

Буга чейин ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында 11-июлда кармалганын маалымдаган.

Мекеменин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.

Азырынча "Ихсан" турак жай кооперативинин өкүлдөрү милициянын маалыматына комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG