Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Согуш башталгандан бери Украинага чет элдик кемелер биринчи жолу келди


Украинанын портторунан дан азыктарын ташып кетип жаткан чет элдик кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын портторунан дан азыктарын ташып кетип жаткан чет элдик кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн украин портторуна биринчи жолу келди. Бул тууралуу Украинанын Деңиз-аскердик күчтөрү Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Кемелер Кара деңиз аркылуу Дунай дарыясына кирип, ошол жердеги порттордон жүк жүктөшөт. Бардык жүк ташуучу кемелерди аскердик кемелер коштоп жүрөт.

Киевдин маалыматына караганда, чет элдик кемелерди киргизүү Змеиный аралын Украина өз көзөмөлүнө алганы үчүн ишке ашып жатат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Дунай-Кара деңиз каналы аркылуу данды экспорттоо абдан маанилүү экенин, бирок бул дүйнөлүк ачарчылыктын алдын алуу үчүн аздык кыларын билдирди.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды.

Украина мындан сырткары Орусияны украин дандарын уурдоого жана сатууга айыптап келет. Бул маселеде эки тарапка Түркия ортомчу түшүп жатат.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусу ачка калган адамдардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйтүп, 218 миллионго жеткирерин эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG