Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Тоо-кен тармагы: 100дөн ашык лицензия мамлекетке кайтарылды


Бозумчак кени. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бозумчак кени. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу баяндама жасады. Анда тоо-кен тармагындагы абалга токтолуп, өнөр жайдагы өсүш 14,6% болгонун белгиледи.

"Тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү. Ал эми 2021-жылы 22,9 миллиард гана сом киреше алганбыз. Биз бир жылда чогулткан салыкты жарым жылда эле алдык. Мунун 75% ашыгын Кумтөр берди. Бул Кумтөрдү алганыбыздын биринчи жыйынтыктары. Бул биздин кирешебиз үчүн эң чоң булак болду. Калганын башка кендер берди. Мындан башка кендер дагы салмактуу киреше бере баштаганын көрүүгө болот. Мындан сырткары лицензияларды тартипке келтире баштадык. Лицензияларды бекер кармап отургандар лицензияларды кайра тапшыра башташты. Бүгүнкү күнгө карата 100дөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды. Лицензияны кармап туруу боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87% төлөндү, 213 миллион сомдон ашык каражат түштү. Суу ресурстарын кен иштетүүгө пайдалангандыгы үчүн бул жылы биринчи жолу акча төлөмдөрүн ала баштадык. 13-июлга карата 216 миллион сом түштү. Таза суулардын баасы мындан ары дагы өсөрүн белгилеп кетем", - деди өкмөт башчы.

Министрлер кабинети былтыр сентябрда "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйымдын наркы 10 эсеге өскөн. Мунун аркасы менен учурунда чалгындоо үчүн уруксат кагазын сатып алып, бирок иш баштабаган ишкерлер аны кайра мамлекетке кайтара баштаган.

Токтомго ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн чоң суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

XS
SM
MD
LG