Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Өкмөт ишкерлерден кумшекердин баасын төмөндөтүүнү суранды


Монополияга каршы тескөө кызматы Кыргызстанга сырттан кумшекер алып келген ишкерлерге бааны төмөндөтүү сунушун берди. Аталган кызмат Айыл чарба министрлигине, ири соода түйүндөрүнө жана ишкерлер менен кумшекердин баасын бир калыпта кармоо боюнча макулдашууну да сунуштоодо.

Июнь айында кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган. Буга социалдык маанилүү азыктардын бири - канттын таңкыс жана кымбат болуп кеткени негиз болгон.

Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын 24,3 миң тоннасы Орусиядан келген. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде кантты алып чыгууга тыюу салган. Апрель айынан тарта өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк салык ставкасы (КНС) күчүнө кирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG