Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Шри-Ланкадагы демонстранттар өкмөттүк имараттарды бошотту


Шри-Ланкада нааразылыкка чыккандар президенттин резиденциясын басып алган учуру. 9-июль, 2022-жыл.
Шри-Ланкада нааразылыкка чыккандар президенттин резиденциясын басып алган учуру. 9-июль, 2022-жыл.

Шри-Ланканын борбору Коломбодо нааразылыкка чыккандар парламенттин спикери Махинда Япа Абейварден менен узак сүйлөшүүдөн кийин басып алган өкмөттүк имараттарды бошотушту.

9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен.

Парламенттин спикери Махинда Япа Абейварден президент арыз жазбаганы үчүн аны кантип мыйзамдуу алмаштыруу жолдору изилденип жатканын айтты.

Ражапакса кызматтан кеткенин айтпай кеткен чакта премьер-министр Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдаган. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылып, зарыл болсо Коломбодогу өкмөт үйүн басып аларын жарыялашкан. Мындан кийин Викремесингхе да милдетин спикерге өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса Куралдуу күчтөрдүн учагы менен Мальдив өлкөсүнө учуп чыгып кеткени айтылган. Андан ары ал Сингапурга, соңунда Сауд Арабиясына жеткени маалымдалды.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.

Шри-Ланка Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG