Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Польшада Экинчи дүйнөлүк согушта сөөк көмүлгөн жайлар табылды


Польшадагы концлагердин айланасындагы зым тор. Иллюстрациялык сүрөт.
Польшадагы концлагердин айланасындагы зым тор. Иллюстрациялык сүрөт.

Польшада Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жапырт сөөк көмүлгөн эки жай табылды. Анда сегиз миңден кем эмес адам көмүлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Польнанын Улуттук эс-тутум институту кабарлады.

Уюмдун жетекчиси Кароль Навроцкий бул жайлар мурдагы "Дзялдово" концлагеринен алыс эмес жердеги токойлордон табылганын билдирди. Адистер бул мүрзөлөрдөн 17 тонна күл табышкан. Жакын жерлерде мындан башка да массалык көмүлгөн жайлар табылышы ыктымал.

"Дзялдово" концлагери 1939-жылы курулган. Нацисттер оккупация учурунда анда жалпы 30 миңдей адамды өлтүргөн болушу мүмкүн деп айтылат. 1944-жылдын жазында адамдарды кыргынга алганын жашыруу үчүн нацисттер сөөктөрдү казып алып, өрттөп жиберишкен. Бул көмүлгөн жайларды изилдөө иштерин татаалдатып келет.

Быйыл июндун аягында Германияда концлагердин мурдагы сакчысы, 101 жаштагы Заксенхаузен Йозеф Шюц беш жылга камалган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алган эмес жана жапырт киши өлтүрүү тууралуу билбегенин айткан.

Адольф Гитлердин жетектөөсүндө фашисттик Германия баштаган Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда еврей улутундагы алты миллиондой киши кырылган. Бул кыргын тарыхта Холокост деген ат менен белгилүү. Согуштан улам дүйнөдө жалпы 70 миллиондон ашык адам өлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG