Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Казакстанда америкалык “Базз Лайтер” мультфильмин көрсөтүүгө тыюу салынды


“Базз Лайтер” мультфильминин персонаждары
“Базз Лайтер” мультфильминин персонаждары

Казакстандын кинотеатрларында америкалык Pixar жана Walt Disney Pictures компанияларынын жаңы продуктусу - “Базз Лайтер” мультфильмин көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

“Жарандардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын көптөгөн суроо-талаптарына жооп кылып кабарлайм: “Базз Лайтер” анимациялык фильми Казакстандын аймагында көрсөтүлбөйт”,-деп жазды ал.

Социалдык түйүндөрдүн казак сегментинде аталган фильмди көрсөтүүгө каршы пикирлер жазылып жаткан. Айрым колдонуучулар фильмдин эки аял каарманы өбүшкөн учурун көрүп, муну бир жыныстагы мамилелерди пропагандалоо деп белгилешкен. Июндун аягында фильмди көрсөтпөө тууралуу петиция башталып, ага 37 миңдей колдонуучу кол койгон.

Режиссер жана актер, комедиялык фильмдердеги Сабина аттуу келиндин ролун аткарган Нуртас Адамбай “Базз Лайтерди” Казакстанда көрсөтүүгө тыюу салууну талап кылган. Ал социалдык түйүндөр аркылуу президентке кайрылып, “мамлекет чет элдик баалуулуктарды балдарга жайылтуунуга каршы турушу керектигин” айткан.

Жаш космонавт Базз Лайтердин окуясын баяндаган “Базз Лайтер” мультфильминде баш каарман башка планетага түшүп калып, кайра үйгө кайтуу жолдорун издегени чагылдырылган. Аны кинотеатрларда көрсөтүү Казакстанда 14-июлда башталмак.

Картинаны көрсөтүү бир катар мусулман өлкөлөрдө, анын ичинде Сауд Арабияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Кувейтте жана Малайзияда тыюу салынган. Мындан кийин фильмдин жаратуучулары аялдардын бири-бири менен өбүшкөн сценасын кыркып салышкан. Батыштагы көрүүчүлөр авторлорду цензурага айыпташкандан кийин ал эпизодду кайрадан кошушкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG