Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Пакистанда эки диний ишмерди атып кетишти


Пакистандын Түндүк Вазиристан округунда жүргөн полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандын Түндүк Вазиристан округунда жүргөн полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Түндүк Вазиристан округунда белгисиз адамдар эки диний ишмерди атып кетишти. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосу жергиликтүү полицияга таянуу менен кабарлады.

Кари Самиуддин менен Кари Науман бараткан автоунаага мотоцикл айдаган куралчан адамдар көчөдө баратып жакындап, терезеден ок чыгарышкан.

Кари Самиуддин “Джамиат Улема-и-Ислам Фазал” партиясынын жергиликтүү лидери жана диний окуу борбордун администратору болгон. Ал буга чейин парламентке талапкер катары катышып жүргөн. Самиуддин жергиликтүү коомчулукта мыйзамсыздыкка каршы күрөшкөн лидер катары таанылган. Кари Науман дагы ушул эле партиянын мүчөсү болгон.

Пакистандагы уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагы негизинен пакистандык талибдер же тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобунун уюгу катары саналат. Бул аймакта борбордук бийликке баш ийбеген топтор менен өкмөттүк күчтөрдүн атышуусу улам-улам катталып турат. Эки тарап ок атышууну токтотууну макулдашканы менен жашоочуларга чабуулдар тынымсыз болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG