Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Киев: Орусия Украинадагы жаңы чабуулдарга даярданып жатат


Украинанын Днепр шаарындагы чабуулга кабылган имарат. 16-июль, 2022-жыл.
Украинанын Днепр шаарындагы чабуулга кабылган имарат. 16-июль, 2022-жыл.

Орусия Украинадагы чабуулдарынын жаңы фазасына даярданып жатат. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын расмий өкүлү Вадим Скибицкий 16-июлда украин телеканалындагы маегинде айтты. Ал соңку күндөрү орус күчтөрүнүн аба соккулары күчөгөнүн белгиледи.

"Бул бир гана абадан жана деңизден жасалган ракеталык соккулар эмес. Биз согуш тилкесинин бардык аймагында аткылоолорду көрүп жатабыз. Тактикалык авиация, чабуул коюучу тик учактар активдүү колдонулууда. Чынында эле бардык тилкеде душман кайсы бир деңгээлде активдешти. Азыр чабуулдун жаңы этабына даярдык жүрүп жатканы анык", - деди Вадим Скибицкий.

Орусия Украинанын түштүгүндө ээлеп алган аймактарда өзүнүн коргонуу позицияларын бекемдеп жатканын 17-июлда Британиянын Коргоо министрлиги билдирди. Британ чалгын кызматынын маалыматка ылайык, учурда Мариупол жана Херсон аймактарында орус күчтөрүнүн, аскердик техникасынын кыймылы активдешти. Ошондой эле Мелитопол шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

16-июлда Москва Украинадагы аскердик операцияларын күчөтөрүн жарыялаган болчу.

Расмий Киевдин маалыматына ылайык, соңку үч күн ичинде орус күчтөрүнүн Украинадагы калктуу конуштарды бутага алган чабуулдарынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG