Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

“Бириккен демократиялык кыймыл” бийликти сөз эркиндигин, саясий атаандаштыкты камсыздоого үндөдү


Бириккен демокртиялык кыймыл.
Бириккен демокртиялык кыймыл.

“Бириккен демократиялык кыймыл” оппозициялык бирикмеси Таласта эл менен өткөргөн жолугушуусунун жыйынтыгында резолюция кабыл алганын 18-июлда бирикменин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Резолюцияда өлкө системалуу кризиске такалганы белгиленип, бийликке беш багыт боюнча кадам жасоо сунушу айтылды.

Биринчи кадам катары президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууну калыбына келтирүү сунушталды. Экинчиси – сөз эркиндигин, саясий атаандаштыкты камсыздоо керектиги белгиленип, “Болот Темировду, Болот Назаровду, Таалай Дүйшөнбиевди, Куттумидин Базаркуловду, Тилекмат Күрөңовду, Адилет Балтабайды, Next телеканалын жана бийликтин саясий оппоненттерин укук тартибин коргоо, сот, салык органдары аркылуу куугунтуктоо токтотулсун” деп айтылды.

Мындан тышкары, өкмөттү отставкага кетирип, эл ишениминдеги өкмөт түзүү, Жогорку Кеңешти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо талаптары коюлуп, “Бириккен демократиялык кыймыл” көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн “бийлик менен диалогго барууга даяр” деп белгиленди.

Бул оппозициялык кыймыл быйыл март айында түзүлүп, максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экенин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев мүчө болгон кыймылды оппозициялык деп атоого болбойт деген оюн айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG