Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы бир айга камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы бир айга камакка алынганы 18-июлда белгилүү болду. Алдамчылыка шек саналган жетекчини кармоого аталган кооперативге байланыштуу жазылган арыздар негиз болгонун, алар март айынан тартып иликтенип-тергелип жатканын шаардык милиция билдирген.

Кооперативге алданганын айткандардын материалдык чыгымы болжол менен 18 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө. Ошто аталган турак жай кооперативине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн.

Өткөн аптада Бишкекте "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси кармалган. Баштапкы эсеп боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлдү.

Мындан тышкары “Белый дом КейЖи”, S-LINE кооперативдерине алдангандардын да арыздары боюнча иштер тергелүүдө.

Кыргызстанда канча турак жай кооперативи бар экени белгисиз. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 70тин тегерегинде.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG