Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Орусиялык компания Бишкекте миграция маселесин талкуулады


Жолугушуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өттү.
Жолугушуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өттү.

Орусиялык курулуш компаниясы кыргызстандыктарды жумушка алууну уюштуруу максатында Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу 19-июлда «Прайдекс» курулуш компаниясынын өкүлдөрү Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда билдиришкенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Москвада жана Санкт-Петербургда курулуш иштерин жүргүзүүчү компаниянын жетекчилиги кыргызстандыктарды жумушка орноштуруп, “татыктуу айлык акысын, социалдык пакетин, жашай турган жерин жана тамак-ашын камсыз кылып берүүгө” даяр экенин билдирди.

Министр Базарбаев эмгек миграциясын уюштуруунун жаңы деңгээлине чыгуу керектигин белгилеп, кыргыз тарап жумушчуларды тандап берүүгө даяр экенин айтты.

Орусиялык компания өкүлчүлүк ачып, тандоо сапатын жогорулатып, зарыл болсо окутуу уюштурарын билдирди.

Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашуун кыргыз жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнү расмий статистикада айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG