Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Чакан ГЭС долбоорлоо боюнча келишим түзүлдү


Сары-Жаз аймагы.
Сары-Жаз аймагы.

Кыргыз өкмөтү чакан ГЭСтерди долбоорлооо жана куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуу максатында венгриялык A-Hid компаниясы менен келишим түздү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 19-июлда билдиргендей, аталган компания, Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фондун жана Кыргызстандын Энергетика, Экономика жана коммерция министрликтери менен келишимге кол коюлду.

Ага ылайык, чакан ГЭСтерди курууга ыңгайлуу жерлерде баштапкы техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу үчүн изилдөө жүргүзүлүп, Кыргызстандын чакан гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду Венгр-Кыргыз фонду аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүктөрү караштырылат.

Венгриялык A-Hid ишканасы энергетика тармагында жана көпүрө, жол, коомдук транспорт сыяктуу инфраструктура объекттерин долбоорлоо иштеринде алектенет. 16 миллион долларлык уставдык капитал менен түзүлгөн Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоосун баштаганын быйыл май айында жарыялаган.

Энергетика министрлиги 2021-жылы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген. Буга чейин министрлик өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG