Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

“Манас айылын” жаңылоонун мыкты долбоору аныкталды


Биринчи орун алган долбоор.
Биринчи орун алган долбоор.

“Манас айылын” реконструкциялоонун мыкты эскизине жарыяланган ачык архитектуралык сынактын жыйынтыгы жарыяланды. «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы 19-июлда билдиргендей, сынакка 14 долбоор сунуш кылынган.

Эң көп (23) упай топтогон долбоорго биринчи орун, 9 упай алган долбоорго экинчи, ал эми бирдей (6) упай топтогон эки долбоорго үчүнчү орун ыйгарылды.

Жеңүүчүлөргө 1,5 миллион, 1 миллион жана 250 миң сомдон сыйлык тапшырылмай болду.

Мыкты деп табылган долбоорлор эми курулуш жүргүзө турган мекемеге жөнөтүлөт, ал жактан акыркы чечим кабыл алынат.

6-июнда жарыяланган сынакка түшкөн архитектуралык долбоорлор боюнча коомдук талкуу эки күн уланып, калыстар тобунун бүтүмү 8-июлда чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "Манас айылы” жаңыланарын, ал жер эч кимге берилбей турганын айткан.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно-комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Тогуз гектарга жакын аянттагы комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG