Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

08:01 21.7.2022

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Чөлкөмдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20-июлда келди. Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши да күтүлүп жатат.

Өлкө лидерлери бейформал жагдайда жолугушуу өткөрүштү. Саммиттин алкагында чөлкөмдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүп, аларды мамлекет башчы Жапаров кабыл алган.

Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Бул жыйын аймактагы үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялар, Түркмөнстандагы бийлик транзити жана Орусия Украинага кол салгандан кийинки алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болот.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен жекече жолугушары да айтылган.

08:08 21.7.2022

«Орусиянын ордун Кытай ээлеши мүмкүн»

Орусия Украинага басып киргенден бери бир катар саясат таануучулар, байкоочулар Борбор Азия үчүн Москванын орбитасынан чыгуу үчүн ыңгайлуу учур жаралып жатканын айтып келишет. Ошол эле маалда Орусияга экономикалык жактан байланган, миллиондогон жарандары ал жакта иштеп жатканда ал өлкөлөр үчүн мындай кадам оңой-олтоң болбосун эскертишет. Тажикстандык эксперт Парвиз Мулложановдун пикири:

"Орусия Украинадагы согушка белчесине чейине батты. Албетте, региондогу позициялары кыйла алсырады. Бул тенденция мындан ары да уланмакчы. Москва азыр бир жагынан Батыш менен алпурушуп келатат. Экинчи жагынан кайсы бир деңгээлде Кытайдан көз каранды экенин да эстен чыгарбоо зарыл. Бул жерде Борбор Азия үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылып, ошол эле маалда тобокелдиктер да жок эмес. Аймактагы өлкөлөрдүн баарынын Бээжинге карызы бар. Менимче, Орусиянын ордуна Кытай келет деген ыктымалдык абдан чоң".

Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров бул жолугушууга көп үмүт артпаганын, сырткы көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүн бири-бирине эч качан жакындатпаганын белгилөө менен катар кандай болгон күндө да жолугушуп, сүйлөшүп турууну дайыма оң жышаан деп бааларын билдирди:

"Жолугушуп туруу дайыма жакшы көрүнүш. Беш өлкөнүн жетекчилери гана чогулуп жатканы бул - оң жышаан. Алардын позицияларына таасир эте алат деген үчүнчү тараптын жок болгону жакшы. Позициямды ачык билдирсем, ошол үчүнчү тарап эмне деп айтат деп сөздөрүн ылгап, тандап отурушпайт. Бой көтөрүп үстүнөн байкоо салып жаткан эч ким жокто аймактын ичинде эмне болуп жатканын аңдап-билүү үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Андан тышкары жергиликтүү элиталардын бири-бири менен жакындан таанышуусуна өбөлгө түзүлөт. Президенттер, алардын тар чөйрөсүнөн тышкары жыйынды даярдаган, координация кылган Тышкы иштер министрликтеринде, атайын кызматтарда иштегендер, дипломаттар, президенттердин аппаратынын өкүлдөрү өз ара жолугуп, таанышып, кызматташууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул дагы символикалык болсо да, өзүнчө бириктирүүчү бир учур".

Президенттердин кездешүүсү 2020-жылы өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге которулган жана былтыр саммитти Түркмөнстан уюштурган.

09:01 21.7.2022

Ысык-Көл: Президенттер көргөн этномаданият

Этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
1/16 Этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.
2/16 Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Манасчы
3/16 Манасчы

4/16

5/16

Эр сайыш оюну
6/16 Эр сайыш оюну
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Селкинчек тээп жаткан балдар.
7/16 Селкинчек тээп жаткан балдар.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Чач өрүү.
8/16 Чач өрүү.

Эр эңиш
9/16 Эр эңиш

Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү.
10/16 Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Кыз куумай.
11/16 Кыз куумай.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев.
12/16 Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Мамлекет башчыларына улуттук аңчылыктын айрым түрлөрү дагы тартууланды.
13/16 Мамлекет башчыларына улуттук аңчылыктын айрым түрлөрү дагы тартууланды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Комуз чаап жаткан уста.
14/16 Комуз чаап жаткан уста.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Президенттерге боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттары көрсөтүлдү.
15/16 Президенттерге боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттары көрсөтүлдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Соңунда меймандарга бейформал сый тамак берилди.
16/16 Соңунда меймандарга бейформал сый тамак берилди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Артка
Алдыга

09:09 21.7.2022

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна байланыштуу 21-июлда Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизиле турганын кабарлады.

Маалыматка карганда, делегациялар келген маалда гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган автоунаалар эвакуацияланат. Аталган башкармалык жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жол боюнда таштабоого жана кароосуз калтырбоого чакырат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG