Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Январь окуяларына айыпталып кармалган өзбекстандык шарттуу кесилди


Өзбекстандын жараны Сакен Талипов жана анын апасы Камшат Дербисалиева.
Өзбекстандын жараны Сакен Талипов жана анын апасы Камшат Дербисалиева.

Казакстандын Алматы шаардык соту Өзбекстандын жараны, январдагы окуялардагы “жапырт баш аламандык” беренелери менен айыпталып жаткан Сакен Талиповду бир жылга шарттуу кести. Январдан бери тергөө абагында кармалып келген Талипов сот залынан бошотулду.

Сакен Талиповдун апасы Камшат Дербисалиева маалыматты “Азаттыктын” казак кызматына ырастап, уулуна байланыштуу сот өкүмү 19-июлда чыкканын тактады. Уулу окуяларга аралашпаганын, жөн гана кызыгып көчөгө чыгып, кармалып калганын билдирди. Дербисалиева өз перзенти медициналык жардамга муктаж экенин, абакта жабыр тартканын айтты.

Өзбекстандык этникалык казак Сакен Талипов өткөн жылдын күз айларында Алматы шаарында жашаган апасынын үйүнө барган. Ал жашы жетпегенден улам Казакстандын жарандыгын ала элек болгон. Буга чейин Алматыдагы турак жайлардын биринде сакчы болуп иштеген. Туугандарынын айтымында, Талипов 4-январда “Алматы Арена” комплексинин жанындагы тынчтык митингдерине катышып калган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, анын полициянын калканын жана таяктарын колуна алып жүргөнү видеого түшүп калган. Ал кармалып, тергөө абагына киргизилген. Талиповдун апасы Камшат Дербисалиева уулу шаарды анча билбегенин, досун ээрчип митингге барып калганын маалымдоодо.

Мурдараак Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулдугу Сакен Талиповдун кармалышы боюнча Казакстанга нота жөнөткөн.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын 18-июлга карата маалыматтарына ылайык, Январь окуяларына байланыштуу ачылган 429 кылмыш иши сотко өтүп, алардын алкагында 545 адам соттолду.

Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.

Окуяларда кеминде 238 киши каза тапканын билдирген. Мунун алтоо кармалгандан кийин изолятордо кыйноодон көз жумган. Миңдеген киши терроризмге, жапырт тополоң, курал-жаракты уурдоого шек саналып кармалган. Бийлик ушу кезге чейин каза болгондордун жана кармалгандардын аты-жөнүн жарыялаган эмес. Кармалгандардын арасында он чакты чет элдиктер бар экени айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG