Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Британия: премьер-министрлик кызматка жарышта эки талапкер калды


Риши Сунак жана Лиз Трасс
Риши Сунак жана Лиз Трасс

Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматына болгон жарыштын финалына эки талапкер – мурдагы финансы министри Риши Сунак жана азыркы тышкы иштер министри Лиз Трасс чыкты.

Финалдык добуш берүүдө британ парламентиндеги консерваторлордун 137и Сунакка добуш берди. Трасс 113 добуш алды. Экс-коргоо министри Пенни Мордонт 105 добуш алып жарыштан четтеди.

Жайдын аягына чейин келечектеги лидерди тандаган улуттук добуш берүү өтөт. Анда Консервативдүү партияга тиешеси бар бардык британиялыктар – дээрлик 200 миң киши добуш берет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 5-сентябрда жарыяланат. Андан уткан киши премьер-министрлик кызмат менен чогуу парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген партиянын жетекчилигин да кошо аркалайт.

Мурдагы премьер-министр Борис Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетерин 7-июлда жарыялаган. Анын алдында бир аптага жетпеген убакытта Министрлер кабинетинин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Жонсон жаңы өкмөт шайланганга чейин премьер-министрдин милдетин аткарып турат.

Риши Сунак Улуу Британияга Чыгыш Африкадан келген, анын ата-энеси индустар. 2015-жылы ал британ парламентине депутат болуп шайланып, 2019-жылдан бери финансы министри болуп иштеп келген. 5-июлда ал Жонсондун саясаты менен макул болбой кызматтан кеткенин жарыялаган.

Лиз Трасс мурда айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба министри жана юстиция министри болуп иштеген. 2019-жылдан 2021-жылга чейин тышкы соода министри болсо, 2019-жылдын сентябрь айынан бери тышкы иштер министри болуп эмгектенип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG