Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Лавров Украинанын Донбасс аймагынан башка жакта да “операция” уланарын айтты


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кремлдин Украинадагы “атайын аскердик операциясынын” “географиялык милдеттемелери” дагы кеңейгенин, ал Донбасс аймагынан башка облустарда да уланарын билдирди. Бул тууралуу министр мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, Батыштын Киевди куралдандыруу аракеттеринен улам орус бийлиги Донецк менен Луганс облустарынан сырткаркы жерлерде “денацификация жана демилитаризация” жүргүзүүнү чечти.

“Азыр география башкача. Ал бир эле ДЭР менен ЛЭР эмес, ал Херсон облусу, Запорожье облусу жана башка бир катар аймактар. Бул жараян уланып жатат, керек болсо ырааттуу жана көшөкөрлүк менен уланууда”,- деди Сергей Лавров.

Орус министри “эгер Батыш өлкөлөрү Украинага алыс аралыкка атылчу ракеталарды дагы жеткирсе, “атайын операциянын чек арасы дагы да ары жыларын” айтты. “Операция” баары бир ишке аша турган нерсе болгонун, ал башталган убакта бир сыйра жеңилдеп алганын да кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусия, Сирия жана Түндүк Кореядан башка өлкөлөр мамлекет катары тааныган эмес. Эки облус бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат.

Ушул убакка чейин орус күчтөрү Донецк менен Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Херсон, Запорожье, Харьков облустарынын бир бөлүктөрүн ээледи. Мындан сырткары Николаев, Харьков, Одесса облустарына, Киев жана башка шаарларга улам-улам ракеталык, артиллериялык жана авиациялык сокку уруп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG