Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Секелектин зордукталышы боюнча сот отуруму уланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-июлда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алгачкы отуруму болуп, териштирүү 25-июлга жылды. Ага айыпкер буга чейин айыптоо актысынын көчүрмөсүн албаганы себеп болгонун аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле иш боюнча дагы бир жараян Свердлов райондук сотунда уланды. Өспүрүмдүн жакындары анда айыпталуучулар суралганын "Азаттыкка" билдиришти.

Отурумдар жабык, айыпталуучу жана жабыркаган тараптардын катышуусу менен гана өтүүдө. 12-июлдагы отурумга Омбудсмендин жана Балдар акыйкатчысынын өкүлдөрү киргизилген эмес.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG