Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстандын жарандыгына 1270 киши кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 20-июлда Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 1270 адам (анын 238и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.

Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 57 киши (экөө бала) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын күзүндө президенттин жарлыгынын негизинде негизинен этникалык кыргыздардан турган 800дөй адам кыргыз жарандыгын алган.

Учурда өлкө калкынын саны – 6,7 млн. киши. Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG