Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Чолпон-Атада Жапаров, Токаев жана Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу өттү


Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу. 20-июль, 2022-жыл. Чолпон-Ата.
Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу. 20-июль, 2022-жыл. Чолпон-Ата.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешме жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев менен бейформал жагдайда жолугушуп, кемеде сейилдешти.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар Бостери айылындагы "Nomad" этнокомплексинде этномаданий программа менен таанышты. Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасын, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.

Мамлекет башчыларына салбуурун, салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү.

Чолпон-Атада эртең, 21-июлга белгиленген жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши да күтүлүп жатат.

Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Бул - чөлкөмдөгү үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзити жана Орусия Украинага кол салгандан кийин өтүп жаткан алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG