Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Рахмон Ооганстандагы кырдаал дайыма көңүл борборунда болушу керектигин айтты


Эмомали Рахмон Садыр Жапаров менен. 21-июль, 2022-жыл, Чолпон-Ата шаары.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаров менен. 21-июль, 2022-жыл, Чолпон-Ата шаары.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп, Ооганстандагы кырдаал дайыма чөлкөмдүн көңүл борборунда болушу керектигин белгиледи. Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар жалпы Евразия аймагынын геосаясий абалдын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

"Биздин божомолдор боюнча Ооганстандагы абал мындан дагы начарлайт. Өткөн убакыт ичинде "Талибан" Кыргызстанда тыюу салынган - ред.) кыймылынын жетекчилиги дүйнө коомчулугун жана ооганстандыктарды коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө ынандыра турган реалдуу кадамдарды жасай алган жок", - деди Рахмон.

Тажик лидери Борбор Азия маанилүү аймак экенин, анда дүйнөдөгү оюнчулардын атаандаштыгы өсүп жатканын белгиледи. Ошону менен катар терроризм, экстремизм, маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу тыйыла электигине, диний экстремизм өсүп жатканына да токтолду. Радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.

Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Кеңешменин жыйынтыгы менен чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. (КО/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG