Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Нарында зомбулук боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук прокуратурасы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча район жетекчилеринин ишин текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокуратура үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес деген район жетекчилеринин орун басарларына Укук бузуулар кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) менен иш козгогон. Сот ал жетекчилердин ар бирине 10 миң сомдон айып пул салган.

Нарында ушул жылдын алты айында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга карата 13 (9,8%) учур жаш жете электерге карата жасалганы аныкталган.

Кыргызстанда соңку кездери аялдар карата зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көбөйдү. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG