Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Беш жыл ичиндеги аскер өлүмдөрү иликтенет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аскер кызматындагылардын укуктарынын сакталышы боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы отуруму өтүп, иштөө тартиби бекитилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Жумушчу топ акыркы беш жыл ичиндеги аскер өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары иликтенет. Топтун мүчөлөрү аскер бөлүктөрүнө барып, мониторинг жүргүзүп, жоокерлер жана анын ата-энелери менен сүйлөшүү, сурамжылоо жүргүзөт. Жыйынтыгында аскердеги адам укуктарынын сакталышы жөнүндө сунуш иштелип чыгат.

Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкеринин ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкеринин ооруканага түшүп калган окуялардан кийин акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскердеги адам укуктарынын сакталышы боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Анын курамына Акыйкатчы институту, Башкы прокуратура, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери жана бир нече бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта кыргыз армиясында аскерлердин бири-бирине чоңсунуп, зомбулук көрсөткөн учурлары тыйылбай келет. Мындан улам аскер бөлүктөрүндө майып болуп, айрым учурда адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталып келет. “Кылым шамы” уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG