Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ысык-Көлдө эс алуу жайында чыр салган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын бирин иштеткен жарандын арызы менен милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган 21, 27, 28 жаштардагы жергиликтүү үч тургун кармалды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Арыз ээси кармалгандар таңкы саат бештерде келип, аны сөгүп, бычак менен коркутуп, эс алуу жайынын буюмдарын талкалап кетишкенин жазган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280 - (“Ээнбаштык”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Ысык-Көлдө калайман мушташ катталган. Учурда Ысык-Көлдө эс алуу сезону кызуу жүрүп жаткан мезгил. Аймакка жергиликтүү эмес, чет өлкөдөн дагы эс алууга келишет. Президент жакында эле кыргызстандыктарды меймандос болууга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG