Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Украина: согуш башталгандан бери 129 маданий мурас жок кылынды


Украиналык ойчул Григорий Сковороддун талкаланган эстелиги. Григорий Сковороддун атындагы Улуттук музей. Харьков облусу, Сковородиновка айылы. 7-май, 2022-жыл.
Украиналык ойчул Григорий Сковороддун талкаланган эстелиги. Григорий Сковороддун атындагы Улуттук музей. Харьков облусу, Сковородиновка айылы. 7-май, 2022-жыл.

Орусия Украинага кол салгандан бери туура беш ай болду. Украинанын Маданият жана маалыматтык саясат министрлиги ал аралыкта өлкөдөгү 129 маданий объект толугу менен жок кылынганын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Орусия Украинанын 15 аймагындагы маданий мурастарын жок кылууга багытталган 434 кылмыштуу иш-аракет жасаган. Алардын көбү Харьков облусунда болгон. Украинанын маданият министринин орун басары Екатерина Чуева эпизоддордун баары кылмыш иштеринин алкагында катталып, далил катары колдонуларын билдирди.

Согуш башталгандан тартып төмөнкү объектилер талкаланып же толугу менен жок кылынган:

  • 149 диний имараттар, анын 50ү тарыхый эстеликтердин жана архитектуралык баалуу курулуштардын катарында турат;
  • XIX жана XXI кылымдардагы окуялардын жана тарыхый инсандардын элесине арналган 46 эстелик;
  • 33 музей;
  • 41 китепкана;
  • 65 маданият үйлөрү, театрлар, кинотеатрлар жана башка маданий имараттар.

Орусиянын расмий өкүлдөрү ушул күнгө чейин жалаң аскердик объектилерди гана бутага алып келгенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG