Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Ооганстандан бир жарым миң этникалык кыргыз көчүрүлүп келет


Памир кыргыздары. Архивдик фото
Памир кыргыздары. Архивдик фото

2022-24-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 млн сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган бир жарым миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин 25-июлда билдиргенине караганда, бул максатта Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынан 70 гектар жер бөлүнгөн. Ага быйыл жыл аягына чейин 77,2 млн сомго 30 турак үй куруу мерчемделүүдө.

Былтыр октябрь айында бийлик Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү пландап жатканын билдирген.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштаган. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин алардын айрымдары Ооганстанга кайра кетишкен.

Айрым эксперттер Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздар стратегиялык аймак катары саналган Вахан коридорунан жылбашы керектигин белгилешип, расмий Бишкекти аларды көчүрүп келбестен ошол жакта аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө чакырып келишет.

  • 2021-жылы жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качып, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган.
  • Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG