Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

"Түндүк агым-1" аркылуу Германияга берилген газдын көлөмү дагы азайтылат


Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы 27-июлдан тартып "Түндүк агым-1" кууру менен Германияга берилген газдын көлөмү дагы азайтыларын эскертти. Ишкана муну дагы бир турбинанын “техникалык абалы” менен түшүндүрдү. “Газпром” өткөн аптада 10 күндүк ремонттон кийин ал куур менен газды жетирүүнү жанданткан. Бирок көгүлтүр отундун көлөмү 40% чейин кыскартылган. Орусия мунун себебин Канадага оңдоого жөнөтүлгөн турбинанын кайтарылбай жатышы менен байланыштырган.

Германия бийлиги мунун себебин техникалык жүйөдөн эмес, Украинадагы согуштан улам Еврошаркеттин Орусияга салган санкциялардан көрөт.

Орус президенти Владимир Путин санкциялар дүйнөлүк базарда энергиянын кескин кымбатташына алып келерин эскерткен.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өткөн аптада Москваны мунай менен газды куралга айландырганы үчүн айыптап, Европаны орус газы биротоло келбей калат деген сценарийге даяр турууга чакырган.

Газдын импорту токтоп калса, анын арты ишканалардын жабылышына, башка кесепеттерге алып келиши ыктымал. Былтыр Европа биримдиги керектеген газдын 40% Орусиядан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG