Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Британия миллиардер Алишер Усмановдун эки жээнине санкция салды


Алишер Усманов. Архивдик сүрөт
Алишер Усманов. Архивдик сүрөт

Британ бийлиги Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын тизмесин кеңейтти. Ага дагы 42 киши, анын ичинде Орусиянын аймактарынын 29 жетекчиси, юстиция министри Константин Чуйченко жана миллиардер Алишер Усмановдун эки жээни кошулду. Бизнесмен өзү буга чейин санкцияга туш болгон.

Андан тышкары «кара тизмеге» Sputnik International мамлекеттик маалымат агенттигинин башчысы Антон Анисимов жана британиялык видеоблогер, Орусиянын RT жана "Звезда" каналдары менен кызматташкан Грэм Филлипс илинген.

Алардын Британияда активдери бар болсо, камакка алынмакчы.

Лондондун санкцияларын офшор компаниялары катталган бир нече эл аралык юрисдикциялар да, мисалы Мэн аралы аткарууга тийиш. Көптөгөн иликтөөлөр көргөзгөндөй, дүйнө жүзүндөгү мүлккө ээлик кылган орусиялык жогорку аткаминерлер компанияларын каттоо үчүн офшорлорду пайдаланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG