Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кулубаев: 27 миң мигрантты Орусиянын "кара тизмесинен" чыгаруу каралууда


Орусиядагы мигранттар, иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар, иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын бийлиги менен ушул тапта кыргызстандык 27 миң мигрантты "кара тизмеден чыгаруу" боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, жакында миграциялык мунапыс жарыяланарын кабарлады.

Бүгүн, 27-июлда өкмөттүн басма сөз жыйынында сүйлөгөн министр Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык иш-аракети, сүйлөшүүлөрү уланып жатканын айтты.

"Майда тартип бузуулар, мисалы жолчырактын кызыл жарыгынан өтүп кетүү, же мөөнөтү бүткөн документ менен жүргөн сыяктуу себептер менен "кара тизмеге" түшүп калган эмгек мигранттарын маселеси жакын арада чечилет. Эки өлкөнүн өкмөтү өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, азыр Ички иштер министрликтери бул багытта иш алып барууда", - деди Кулубаев.

Министрдин айтымында, Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн быйыл 10 миллион, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине куткаруу жана кырсыктардын алдын алууга 8 миллион доллар жардам берүүнү чечкен.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант эмгектенет.

2021-жылы административдик эреже бузууга барганы жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

"Кара тизме" бир нече категориядан турат. Оор кылмыштар жана олуттуу мыйзам бузууларга айыпталган чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү 3-5 жылга чейин өлкөгө кире албайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG