Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Блогер Адилет Балтабай жарандык пикири үчүн камалганын айтты


Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай). Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2022-жылдын 27-июлу.
Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай). Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2022-жылдын 27-июлу.

Жарандык активист, блогер Адилет Балтабай өзүн күнөөсүз деп эсептейт жана аны бийлик социалдык тармакта айткан жөн гана пикири үчүн аёосуз репрессияга алып жатат деген ойдо.

Бул тууралуу блогер бүгүн, 27-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өзүнүн бөгөт чарасы каралып жаткан маалда журналисттерге билдирди. Ал колу байланган абалда сотко жеткирилди.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек өзүнө коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп кошумчалады. Президент Садыр Жапаровго кайрылып, эркин өлкөнүн эркин жараны катары пикири үчүн камалып жатканын айтып, ишин акыйкат кароону өтүндү.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөп, алардын айрымдары милицияга "баарлашуу үчүн гана чакырылып жатканын" айткан.

Улан Ниязбеков Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин , ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митинг жана башка нааразычылык акцияларын түз чагылдырып келген. Аны ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “жапырт башаламандык” беренесинин негизинде кармап, соттун чечими менен 29-июлга чейин камакка алынган.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары активист жана блогерлердин камалышын сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. (КО)

XS
SM
MD
LG