Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловдун сөөгү жерге берилди


Вячеслав Шаповалов менен коштошуу. 27-июль, 2022-жыл.
Вячеслав Шаповалов менен коштошуу. 27-июль, 2022-жыл.

Бүгүн, 27-июлда Кыргыз Республикасынын эл акыны, котормочу, адабият таануучу Вячеслав Шаповаловдун сөөгү жерге берилди. Аны менен А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, белгилүү адабиятчылар, акындар, жазуучулар, замандаштары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Сөз сүйлөгөндөр кыргыз адабияты, анын ичинде котормо тармагы оор жоготууга учураганын айтып, Вячеслав Шаповаловдун эмгегин белгилеп, эскеришти.

Шаповаловдун сөөгү Бишкектеги "Түндүк" көрүстөнүнө коюлду.

Вячеслав Шаповалов 25-июлда 75 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал жалпысынан ыр жана поэмалар камтылган 15 китептин, алты монографиянын жана 300дөн ашуун илимий, публицистикалык макалалардын, көптөгөн котормо китептердин автору.

Вячеслав Шаповалов "Манас" эпосунан сырткары орто кылымдардагы түрк поэзиясын орус тилине которгон. Кыргыздын ойчул акындарынан Калыгул Бай уулунун, төкмө акындардан Токтогул Сатылгановдун, Барпы Алыкуловдун чыгармаларынан баштап XX кылымдагы кыргыз адабиятынын классиктери Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев өңдүү бир катар акындардын чыгармачылыгына кайрылган. Евразия дүйнөсүнүн атактуу акындарынын эмгектерин которгон.

Шаповаловдун ырлары жана котормолору Орусияда, Европада, Азияда жана АКШда – "Арион", "Дружба народов", "Знамя", "Иерусалим журналы" (Израил), "Интерпоэзия" (АКШ-РФ), "Литературная газета", “Новый журнал” өңдүү бир катар белгилүү басмаларда жарык көргөн. Айрым эмгектери англис, француз, түрк жана башка тилдерге которулган. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG