Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Зеленский Украина Европага электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтөрүн айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтө турганын жана Орусия газ берүүнү азайтып жаткан шартта Европанын энергетикалык коопсуздугунун кепилдиктеринин бири боло аларын билдирди.

27-июлдагы видео кайрылуусунда ал электр энергиясын экспорттоо Украинанын чет өлкөлүк валютадагы кирешесин көбөйтүүгө гана шарт түзбөстөн, өлкөнүн өнөктөштөрүнө орусиялык энергетикалык кысымга туруштук берүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Украинанын электр түйүнү Европаныкына быйыл март айынын ортосунда туташтырылган. Бул ага Орусия кол салганына карабастан электр менен үзгүлтүксүз камсыздалышына шарт түзүп жатат.

Европага Румыния аркылуу экспорттоону Украина июль айынын алгачкы күндөрүндө баштаган. Германиянын энергетикалык мекемеси Орусиянын “Газпрому” Европага “Түндүк агым-1” кууру аркылуу газ жөнөтүү көлөмүн 20 процент азайтканын 27-июлда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG