Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

АКШ Орусияда абакта отурган эки жараны боюнча олуттуу сунуш берилгенин билдирди


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар Орусияда абакта кармалып турган эки америкалык жаранды бошотууга байланыштуу орус тарапка олуттуу сунуш берилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-июлда Мамлекеттик департаментте өткөн маалымат жыйынында айтты, бирок эмне сунуш экенин тактаган жок.

АКШ деңиз флотунун мурдагы аскери Пол Уилан менен баскетбол жылдызы Бритни Гринерге Орусияда тагылган айыптарда саясий өңүт бар деп эсептейт.

Блинкен бул эки америкалык боюнча сунуш бир нече апта мурда берилгенин жана бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын жараны Уилан 2018-жылы Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана барганын айткан. Ал эми Гринер АКШ Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп улам эскертип жаткан маалда камалган.Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «белгилүү спортчу тыюу салынган каражаттарды сактаганы үчүн кармалгандыктан анын ишинде эч кандай саясий мүдөө жок» деп айткан.

Блинкендин билдирүүсүнөн кийин кеп аталган эки америкалыкты азыр АКШда 25 жылдык абак мөөнөтүн өтөп жаткан орусиялык Виктор Бутка алмаштыруу тууралуу болуп жатканы аныкталды. Бут АКШда мыйзамсыз курал сатууга айыпталган. АКШ президенти Жо Байден бул алмашуу жараянын колдой турганын билдиргени маалымдалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG