Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

"Сбербанкка" саякат жана санкция санаасы


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган топ Орусияга барып "Сбербанк" ачык акционердик коомунун иши менен таанышып келди. Аталган банк менен анын жетекчиси Герман Греф Орусиянын Украинага каршы согушунан улам айрым Батыш мамлекеттеринде "кара тизмеге" киргизилген.

Мындан улам Жапаровдун соңку сапарынын негизинде Кыргызстандын өзүнүн санкцияларга илинип калуу тобокелдиги тууралуу талкуу жаралды.

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, Бишкектен барган делегация "Сбербанктын" иши менен таанышып, жетекчилиги менен "макроэкономикалык кырдаал тууралуу пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган".

Анда Акылбек Жапаров баштаган топ Москвага бул банктын жетекчиси Герман Грефтин чакыруусу менен барганы белгиленген.

"Делегация Москва шаарындагы Кутузовский проспектисинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага (атайы адистештирилген мектеп), Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды. Жолугушуулардын жүрүшүндө "Сбербанктын" өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн акыркы иштеп чыгууларын тартуулашты", - деп айтылат өкмөт тараткан кабарда.

Жолугушуулардын соңунда кызматташууга байланыштуу кандайдыр бир чечимдер кабыл алынып же алынбаганы жана документтерге кол коюлганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Британия өңдүү айрым өлкөлөр "Сбербанк" менен анын башчысы Герман Грефти "кара тизмеге" кошкон. Мындан улам Акылбек Жапаровдун Москвадагы соңку сапары Кыргызстандын санкцияга илинип калуу тобокелдиги тууралуу сөздөргө негиз болду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев "Сбербанктын" иши менен таанышуу үчүн өкмөт башчынын өзү барганын сынга алды.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Орусиянын санкцияга илинген ишканаларына товар жөнөтө турган деле өндүрүшүбүз жок. Бул жагынан санкцияга илинип калуу тобокелдиги деле аз. "Сбербанк" менен балким биздин мигранттардын акча жөнөтүүлөрүнө байланыштуу сүйлөшүлгөн болушу мүмкүн. "Сбербанктын" иштөө ыкмаларын үйрөнүшү мүмкүн. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын өзү барганы эл аралык коомчулукта кандайдыр бир күмөн саноону жаратышы ыктымал. Бул жерде этият болуу керек. Ал өзүнүн орун басарын же банктын өкүлдөрүн эле жөнөтүп койсо болмок. Өзү барганы туура эмес. Азыр биз үчүн эл аралык мамилелерде этият болуп, нейтралдуу позицияны кармоо, дүйнөлүк коомчулукка жаман көрүнүп калбоо маанилүү. Ким кайсы тарапта, кандай экени билинип эле жатпайбы".

Талдоочу Айданбек Акматовдун баамында, өкмөт башчынын Москвага соңку сапары орус банктарынан каржылык колдоо алууга байланыштуу болушу мүмкүн.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

"Бул жерде тобокелдик сөзсүз түрдө болот. Бирок ошол сапар менен баргандар мындай тобокелдиктерди деле карап чыгышса керек. Карап чыккандан кийин пайдалуу жагы бар деген тыянакка келишсе керек. Өкмөт тышкы карызды көбөйтпөйбүз дегени менен көбөйтүүгө аргасыз болуп жатат. Алардын орустардын банкынан 500 миллион доллар жана башка жардамдарды алабыз деген аракети бар. Ушундай сапарга барганына караганда, башка жактан акча түшпөй, айла жок Орусиядан каржылык жардам алабыз дегенге киришип жаткандай".

Мындан эки апта мурда АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесине Борбор Азиядагы мамлекеттерди, анын ичинде Кыргызстанды дагы кошкон. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырье катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген.

Тизмеде "эң жогорку тынчсыздануу жаратчу" товарлардын катарына аскердик максатта колдонула турган техника: антенналар, мунай өнөр жайына керектүү жабдыктар, СPS системалары болгон.

Деген менен саясат талдоочу Алмаз Кулматов азыркыдай кырдаалда эл аралык мамилелерде этият кадамдар маанилүү экенин белгиледи.

"Биз ошол орус-украин жаңжалында бейтараппыз. Экинчиден, биздин эгемен өлкө катары тигил же бул мамлекет менен, коңшулар менен мамиле куруу укугубуз бар. Бирок кылдат мамиле кылып, сак болушубуз керек. Санкциялардын кесепети тийип, негизги "оюнчулар" ошол жаңжалга карата позициясына жараша мамиле кылышы мүмкүн. Бирок эми "чегирткенден корккон эгин экпейт" деп жатып алган дагы болбойт. Кырдаалга жараша эле кыймылдоо керек".

Май айында президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында санкциялар маселесин көтөргөн. Анда эл аралык абал оорлошуп кеткенине камтамачылык билдирип, Орусияга киргизилген санкциялар кыргыз экономикасына оор кесепеттерин тийгизип жатканын айткан. Кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү жолдорун издөөнү сунуштаган.

“Бизди санкциялар согушу абдан тынчсыздандырат. Кыргыз экономикасы коронавирус пандемиясынан оңоло электе түзүлүп жаткан санкциялык кырдаал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукка коркунуч жаратууда. Мындай шартта биздин өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулап, анын начарлашына жол бербөө жана санкциялардын кесепеттерин жумшартуу жолдорун бирге иштеп чыгуу зарыл”, - деген Жапаров.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү расмий Москвага каршы санкцияларды күчөткөн.

Расмий Бишкек орус-украин чатагында бейтарап позицияда экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG