Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Украин активисттери Сбербанкка нааразы


"Улуттук корпус" партиясынын жактоочулары "-Сбербанктын Киевдеги филиалын тосмолоп жаткан учур. 13-март, 2017-жыл.
"Улуттук корпус" партиясынын жактоочулары "-Сбербанктын Киевдеги филиалын тосмолоп жаткан учур. 13-март, 2017-жыл.

Украинада соңку күндөрү орусиялык бизнеске жана орусиячыл жикчилдерге каршы нааразылык акциялар кайра күч алгандай болду.

Жергиликтүү улутчул активисттердин мындай чараларын украин бийликтери бир учурда колдосо, экинчисинде алардын өзүнө каршы да чара көрүп жатат.

Соңку чаралардын бири катары украин полициясы өлкөнүн орусиячыл жикчилдердин колундагы чыгыш бөлүгү менен соода-сатыкка каршы чыгып жаткан активисттердин ондогондорун камакка алды. Бул маалыматты активисттер өздөрү да, расмий өкүлдөр да ырасташты.

Украин улутчулдары менен оппозициячыл мыйзамгерлер өлкөнүн чыгышы менен сооданы блокадалоону быйыл январда башташкан болчу. Атүгүл темир жол боюнда атайын лагер да түзүп алышкан. Алардын мындай аракеттеринин айынан чыгыштагы кендерден өлкөнүн батышындагы электр станцияларга көмүрдүн келиши үзүгүлтүккө учураган.

Соодага тоскоолдук кылган активисттердин ишениминде, маселен, көмүр сатуудан түшкөн акча, жикчилдердин өкмөткө каршы согушун каржылоо үчүн сарпталып жатат.

Украинанын чыгышы менен сооданы блокадалагандардын лагери. 23-февраль, 2017-жыл.
Украинанын чыгышы менен сооданы блокадалагандардын лагери. 23-февраль, 2017-жыл.

Чыгыш менен сооданын блокадалашына ал аймактагы орусиячыл жикчилдер менен украин өкмөтү өзү дагы каршы болду.

Украинанын Коопсуздук кызматынын билдиргенине караганда, алар дүйшөмбү күнү үч жерде жүргүзүлгөн операция учурунда куралдарын өткөрүп берүүдөн баш тарткан 43 адамды камакка алды.

Орусиянын маалымат агенттиктери болсо, кармалгандардын саны 80 деп маалымдашты. Коопсуздук күчтөрү ошондой эле активисттердин темир жол боюндагы лагерин да бузушту.

Активисттер болсо камоолорду айыпташып, Киевдин борборунда 500дөй киши катышкан нааразылык акциясын өткөрүштү. Аларды колдогон акциялар башка шаарларда да болду.

Бул аралыкта украин активисттеринин тобу ушул дүйшөмбү күнү Киевде, Орусиянын мамлекеттик “Сбербанкынын” борбордук филиалынын бет маңдайын бетон кыштар менен тосмолоп салышты.

“Улуттук корпус” партиясынын лидери Андрей Билецкий кабарчыларга алардын кадамынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Сбербанктын биздин жаныбыздагы филиалы - өткөн аптадан тарта Луганск элдик республикасынын, Донецк элдик республикасынын (өзүн-өзү жарыялаган) жеке адамдары менен юридикалык тараптарына кызмат көрсөтө башташты. Алар жикчилдерди кыйыр эмес, тикелей каржылап жатканы факт. Бизде муну күтүп отура бергидей убакыт жок. Бул флешмоб, же ультиматум, же эскертүүчү митинг эмес. Биз Сбербанктын башкы филиалын жаап таштадык.

Киевден түшкөн кабарларга караганда, “Азов” жарандык корпусу деген уюмдун өкүлдөрү Сбербанктын украин борборундагы башкы кеңсесин шейшемби күнү торошуп, кызматкерлерди имаратка киргизген жок.

"Сбербанктын" Киевдеги кеңсесинин айланасы. 13-март, 2017-жыл.
"Сбербанктын" Киевдеги кеңсесинин айланасы. 13-март, 2017-жыл.

Украин парламентиндеги президент Петро Порошенконун блогунун депутаты Олег Петронко кырдаалга бийликтин реакциясы зарылдыгын айтууда:

- Биз реакция кандай болорун көрөбүз. Биздин максатыбыз Орусия Сбербанкынын Украинадагы бардык филиалдарын жаап салуу эмес. Биздин максатыбыз украин бийликтерин зарыл чараларды кабыл алууга мажбурлоо.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун билдиргенине караганда, өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Орусия Сбербанкынын бөлүмүнө каршы санкция киргизүү маселесин 15-мартта атайын жыйында талкууламакчы.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо өз кезегинде украин бийликтерин орусиялык банктардын ишине тоскоолдук кылып жаткан активисттерге көмөктөшүүдө деп күнөөлөдү. Сбербанк болсо анын Украина аймагындагы банкоматтары вандализмге кабылып жатканына көңүл бурду.

Сбербанктын Украинадагы ишмердигине каршы нааразылык акциялары 7-мартта аталган банк Орусия колдогон жикчилдер аймактардын паспортторун тааный турганын жарыялагандан кийин башталган:

- Биз мыйзамсыз структуралар тарабынан чыгарылган документтерди таануу, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда рублди расмий акча катары киргизүү Орусия тараптын кырдаалды атайлап курчутуусун көрүп жатабыз, - деген эле украин тышкы иштер министри Павло Климкин өткөн аптада.

Орусия президенти Путин өзүн өзү жарыялаган Луганск жана Донецк элдик республикаларынын паспортторун таанууну караган жардыкка өткөн айда кол койгон.

Украинанын өнөр жай ишканаларынын көбү жайгашкан чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери бул жерде украин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдер ортосундагы атышуулардан 9750 адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG