Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Президенттин гендердик маселелер боюнча кеңешчиси кызматын ачуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенип келаткан уюмдардын лидерлери президентке кайрылуу жолдоп, сунуштарын айтышты. 27-июлда алар журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, президент Садыр Жапаровдон чукул арада алар менен жолугушуу уюштурууну, жыйын өткөрүүнү өтүнүштү.

Лидер аялдар укук тартибин коргоо жана сот органдарынын аялдардын конституциялык укуктарын бузуп жатканы системалуу көрүнүшкө айланганын, буга көңүл буруу керек экенин, кечиктирилгис мыйзамдык чараларды көрүү зарыл болуп жатканын айтып, президенттин гендердик маселелер боюнча кеңешчиси деген кызмат ачууну сунуш кылышты.

Маалымат жыйынына “Ак жүрөк”, “Аруулан” кризистик борборлорунун, “Энсан Диамонд”, “Жаңы ритм”, “Позитивдүү диалог” коомдук бирикмелеринин жетекчилери катышты.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG